Бишкекте автомат менен шаар тургунун коркуткан адам кармалды (фото)

Бишкекте автомат менен шаар тургунун коркуткан адам кармалды (фото)

Бишкектин так ортосунан автомат менен шаар тургунун коркуткан адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалым болгондой, 31-август күнү бир адам милицияга кайрылып, «Toyota Land Cruiser-200» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу автомат кезеп, орой сөздөр менен коркутканын айткан.

Криминалдык милициясынын ыкчам-иликтөө иш-чарасынын алкагында, бул окуяга шектүү катары 28 жаштагы адам кармалды.

Анын автоунаасын тинтүү учурунда МА-АК үлгүсүндөгү аңчылык мылтык, Калашников автоматына окшоштуруп жасалган курал жана 50дөн ашык ок-даары жана магазиндер табылган.

Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, кармалган адам тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>