Бишкекте аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду

Бишкекте аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду

Бишкек шаарындагы 4-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн батиринде эркек киши ортодо чыккан уруштан улам аялын катуу сабаган. Жабырлануучу 1981 -жылы 26 -августта туулган О.С., 4 -шаардык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер бул окуя боюнча милицияга кабарлашкан.

Борбор калаанын Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, дарыгерлер жабырлануучуга баш мээси чайкалган, кабыргасы сынган деген диагноз коюшкан.

Жабырлануучу эсине келбей каза болду.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 1971 -жылы туулган К.Б. тергөө кызматына жеткирилди, аны убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Бул факты Октябрь РИИБнин кылмыштарды жана жооруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Денеге оор залал келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Учурда керектүү экспертизалар дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>