Бишкекте аялын өлтүргөн жаран кармалды

Бишкекте аялын өлтүргөн жаран кармалды

Бишкек шаардык Патрулдук милициясынын кызматкерлери аялын өлтүрүүгө шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү маалымдады.

2021 -жылдын 2 -августунда болжол менен саат 18: 50дө Бишкек ШИИББнин 102 кызматына Көлбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде адам каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

«Айтылган дарекке кызматкерлер келип маалыматты тактаганда, белгисиз аял үй-бүлөлүк чыр-чатак болгонун, бирок баары жакшы экенин айтып, кызматкерлерди кетирүүгө шашкан. Ал эми үйдүн 1963-жылы туулган тургуну С.И., 1987-жылы туулган С.О. аттуу келинин шаардын сырт жагында өлтүрүп койгондугун айткан.

Окуя болгон дарекке кызматкерлер барганда 57 жаштагы кишинин баласы А.Д. аялын өлтүрүп, сөөктү жашыруунун амалын издеп жаткан жеринен кармалган.

Бул факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>