Кыргызстанда Эгемендүүлүк майрамы белгиленип жатат

Кыргызстанда Эгемендүүлүк майрамы белгиленип жатат

31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 28 жыл толду. Буга байланыштуу борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтүүчү салтанат саат 10:00дө расмий башталды.

Ага президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастанбек Жумабеков, Бишкектин мэри Азиз Суракматов, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшенбиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана өкмөт мүчөлөрү,  депутаттар, жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Майрамдык салтанаттын алгачкы бөлүгү атайын даярдалып экрандаштырылган программа менен башталды. Бул концерттик иш-чараны көрүүгө миңге жакын тургундар келишти. Майрам уланууда. Алдыда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматоы жана президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сүйлөшөт. Андан соң майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгүнө кезек берилет. 

Кыргызстан 1991-жылы 31-августта эгемендикке жетишкен. 28 жыл ичинде өлкөнү 5 президент башкарууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>