Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен сабагандар 2 айга камакка алынды

Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен сабагандар 2 айга камакка алынды

Бишкектеги Жал кичи районунда 2 адамды мыкаачылык менен сабаган ага-ини эки айга камакка алынды. Мындай чечим 7-сентябрда Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдады.

Кылмышка шектүү Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков 6-сентябрда милицияга өздөрү келишкен. Алар ошол күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилей кетсек, 28-август күнү Ленин райондук милициясына Д.М. аттуу аял киши кайрылып, эртең мененки саат 7.00дөрдө “Ярмарка” дүкөнүнүн жанынан  күйөөсүн сабап, из жашырып кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Жаракат алган адам  тез жардам Улуттук госпиталга жеткирилген.

Аталган факт Кылмыш жаза кодексинин 39-130 (өлүмгө жеткирүү) беренеси менен  Кылмыштардын жана жоруктардын биридктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>