Бишкекте эки мектепте окуучулардан коронавирус аныкталды

Бишкекте эки мектепте окуучулардан коронавирус аныкталды

Эки мектепте милдеттүү түрдө текшерүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда COVID-19 менен ооруган окуучулар аныкталды. Кийин белгилүү болгондой, бул эки үй-бүлөдө коронавирус инфекциясы болгон. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Аталган билим берүү мекемелериндеги абал көзөмөлгө алынгандыгы такталды.

«Эгерде сиздин үй-бүлөңүздө коронавирустук инфекция учурлары болгон же байкалып жатса, анда ПЦР тесттеринен өтүп, балаңыз вирус алып жүрүүчү эместигин текшериңиз. Бул тууралуу сөзсүз түрдө мектеп администрациясына, класс жетекчисине билдирип коюңуз. Бардык текшерүүлөр жана тесттер өткөрүлгөндөн кийин гана, балаңызды мектепке жөнөтүңүз. Эми коронавирус инфекциясын жайылтпоо алгоритмине ылайык, бул балдар окуган класс толугу менен онлайн окууга жөнөтүлүп, эки жума дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Ошондой эле аларга сабак берген мугалимдер ПЦР тесттерин тапшырууга жөнөтүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>