Бишкекте гепаринди кымбат саткан дарыкана аныкталды

Бишкекте гепаринди кымбат саткан дарыкана аныкталды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы гепарин дарысын кымбат сатып жаткан дарыкананын үстүнөн сотко чейинки териштирүү баштады.

Мекеменин басма сөз кызматы 17-июлда кабарлагандай, Фучик көчөсүнөн аныкталан дарыканада гепариндин бир ампуласы 435 сомдон сатылып жаткан.

Пандемия учурунда дары-дармектердин баасын кескин жогорулатып алган фармкомпаниялардын аталышы мындан ары толук жарыяланарын мекеме эскертип өттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>