Бишкекте ири суммада пара алган прокуратура бөлүмүнүн башчысы кармалды

Бишкекте ири суммада пара алган прокуратура бөлүмүнүн башчысы кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы К.У.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогорудагы жогорку кызматтагы адамы 2020-жылдын декабрында, жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын жокко чыгарылышына жол бербөөгө убада берип, 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алган.

Мындан тышкары, аталган кызматкер К.У.А. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып арыз ээсинен батирин оңдоону талап кылган, анын ичинде 450 миң сомдон ашуун суммага эмерек жана тиричилик техникалары дагы бар.

Ушул жылдын 7-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда зарыл болгон тергөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>