Бишкекте иске ууланып бир жаран каза болду

Бишкекте иске ууланып бир жаран каза болду

Ленин районун Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 03:28де Ленин райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм жана Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Турак үйдөн чыккан өрт саат 04:25те чектөөгө алынып, саат 05:28де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1991-жылы туулган А.У. көмүр кычкыл газына ууланып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аталган жаран ооруканага жетпей каза болгон.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>