Бишкекте кафеден массалык мушташ чыкты

Бишкекте кафеден массалык мушташ чыкты

22-сентябрь күнү Абдырахманов жана Горький көчөсүнүн кесилишиндеги кафелердин биринен массалык мушташ чыккан. Тентектик кылгандар колго түшкөн. Бул туурасында Бишкек шаардык патрулдук милициясы билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, топтошкон мушташта 17 жаштагы өспүрүм бутунан бычак жеген. 1997-жылы туулган Д.Б. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалган. Бул факты майда кылмыш катары катталган.

Милицияга алынып келинген, иликтөө жүрүүдө. Азырынча окуяга канчоосу катышканы боюнча такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>