Бишкекте коомдук транспорттор эртең менен кечинде гана иштеп баштайт

Бишкекте коомдук транспорттор эртең менен кечинде гана иштеп баштайт

Бишкекте коомдук транспорттор эртең менен кечинде гана иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда брифингде борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтуусуна караганда жумуш күндөрү коомдук транспортторго чектөө кирсе, эс алуу күндөрү таптакыр эле токтотулат.   

“Коронавируска каршы коопсуздук чараларын күчөтүү үчүн Бишкек шаарына төмөнкү режим киргизилет.  Коомдук транспорттор эртең мененки саат 7:00дөн тарта саат 10:00гө чейин иштейт.  Саат 10:00дөн саат 17:00гө чейин токтотулат. 17:00дөн баштап саат 21:00го чейин коомдук транспорттор иштейт”, — деди Суракматов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>