Бишкекте коронавирустун жаңы учурлары көбөйдү

Бишкекте коронавирустун жаңы учурлары көбөйдү

Соңку суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдетинин жаңы 67 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде 2358 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада инфекция эң көп борбор калаада катталса, Ош, Баткен, Талас жана Нарын облустарында аныкталган эмес.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаары – 43;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 16;
Ысык-Көл облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 1.

Ал эми илдеттен бир сутка ичинде 39 бейтап сакайды.

Мындан сырткары, коронавирустан Бишкекте эки бейтап көз жумду.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>