Бишкекте Курман айт күнү коомдук транспорттор токтотулбайт

Бишкекте Курман айт күнү коомдук транспорттор токтотулбайт

Бишкек шаарында Курман айт күнү коомдук транспорттор токтотулбайт. Бул тууралуу шаар бийлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маршрут каттамдар, автобустар жана троллейбустар иш күндөгүдөй эле эртең менен саат 7:00дөн 10:00гө чейин, кечинде 17:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Эске сала кетсек, коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн автобус, троллейбус жана маршруттук каттамдар 1-июлдан тартып ишемби, жекшемби күндөрү иштебей турган болгон.
Ал эми Курман айт майрамы жума күнгө туш келгендиктен Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>