Бишкекте ала качылган кыз муунтулуп өлтүрүлгөн

Бишкекте ала качылган кыз муунтулуп өлтүрүлгөн

Аламүдүн районунда койчу эркек менен аялдын сөөгүн тапты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 7-апрелинде саат 14:30 чамасында Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда талаага жакын жерде аял менен эркектин жансыз денелери табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аламүдүн РИИБнин тергөө-ыкчам тобу, ИИМдин Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишип, ал жактан , айдоочусу менен кошо изделип жаткан, Honda Civic автоунаасы Бишкектин Биринчи Май районунда кызды уурдаган деп шектелип, табылган.

Унаанын ичинен: 1994-жылы туулган жаран К.А.нын зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери жана ар кандай бычактан жаракат алган 1985-жылы туулган Т.З.нын сөөгү табылган.

Жергиликтүү койчу бул унааны көрсөтүлгөн жерде 5-6-апрель күндөрү көргөнүн, бирок унаа баткакка тыгылып калган деп ойлоп, анча маани бербегендигин билдирди.

7-апрелде гана ал унаанын жанына келип, салондо аялдын жана эркектин сөөгүн көрүп, андан кийин дароо милицияга кабар берген.

Алдын ала версия боюнча, жаран Т.З. чыр-чатакка чейин жеткен оозеки кагылышуу учурунда ал кызды муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүн-өзү бычактап, өлтүргөн.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Толук маалымат кийинчерээк жарыяланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>