Бишкекте мекендешинин 4 миң долларын алдап алган пакистандык соттолду

Бишкекте мекендешинин 4 миң долларын алдап алган пакистандык соттолду

Алдамчылыкка айыпталган пакистандык адам 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Абдулла (аты өзгөртүлдү) аттуу пакистандык жигит, 2019-жылы Идрис (аты өзгөртүлдү) аттуу мекендешинин 4 миң долларын алдап алып алган деп айыпталып жаткан.
Ал мекендешине виза, ж.б. документтерди даярдап берүүгө убада берип, 4 миң долларын алып из жашырып кеткен.

Буга байланыштуу Идрис укук коргоо органдарына кайрылган.
Аталган ишти караган Бишкек шаардык соту Абдулланы 3 жылга эркинен ажыратып, 50 миң чыгым төлөсүн деген чечим чыгарган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>