Бишкекте суусуз каналга кулаган тургун жаракат алды – сүрөт

Бишкекте суусуз каналга кулаган тургун жаракат алды – сүрөт

Бишкекте суусуз каналга кулаган тургун жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелге караган түнү Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда орто жаштардагы адам суусу жок каналга кулап түшүп башынан жаракат алган.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар ал адамды алып чыгып, “Тез жардам” унаасына салып беришкен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>