Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматы жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, 19-январда Бишкек шаарынын Курманжан датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 38 жаштагы аялды автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Натыйжада жөө жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алып ооруканага түшкөн.

Издөө иштеринин алкагында аялды сүзгөн автоунаа жана айдоочу такталган. Ал «Фольксваген-Венто» автоунаасынын айдоочусу 26 жаштагы Б.Р.Т. аттуу адам экени белгилүү болгон.

Айдоочу ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, сотко чейинки өндүрүш ачылган.  

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>