Бишкектик кишини 1,6 млн сомун алдап кеткен 19 жаштагы кыз кармалды

Бишкектик кишини 1,6 млн сомун алдап кеткен 19 жаштагы кыз кармалды

Бишкек шаарында бир адамдын 1,6 млн сомдон ашык акчасын алдап кеткен он тогуз жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 12-июнь күнү шаар тургуну  милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында,  өздөрүн «Форекс» биржа компаниясынын кызматкерибиз деп тааныштырышкан жаш кыз менен анын жигити кирешенин 40-50 пайызын берүүнү убадалап, терминал аркылуу анын 1 млн 615 миң 900 сомун алып, качып кетишкен.

Аталган факты Жазык кодексиндеги 204-берене (“Алдамчылык”) менен кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бул кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган кыз кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен эки айга камаалган. Ал эми анын шериги кылмыш ишине күбө катары суралууда.

Милициянын маалыматына караганда, ушул эле иш боюнча 35 адамдан арыз түшкөн. Азыркы тапта  келтирилген акчалай зыяндын суммасы такталууда.

Шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн. Жабыркагандар 0 (312) 56-32-48, 0(550)-10-23-60, 0(501) 10-21-02, 0(706) 10- 21-02), 0(707) 71-71-14) телефон номурлары жана 102 кызматы аркылуу байланышса болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>