Бишкектиктер Ырысбек Мааткабыловдун шайлоо алдындагы программасын жактырышты

Бишкектиктер Ырысбек Мааткабыловдун шайлоо алдындагы программасын жактырышты

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округунан ат салышып жаткан Ырысбек Мааткабылов күн сайын аймактын тургундары менен жолугушуусун улантууда. Анын кезектеги үгүт иштери Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө талапкер алдына койгон максаттары жана шайлоо алдындагы программасы менен кеңири тааныштырды.

“Менин башкы максатым — элдин жашоо-турмушун жакшыртуу. Ошондуктан өзүмдүн көп жылдык тажрыйбама таянып, элиме жана мамлекетиме ак кызмат кылайын деп жатам. Программамда өлкөнү өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттары жана жашоо турмушубуздагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору камтылган. Программада сөз кылган бардык иш чараларды ишке ашырууга толук потенциал жана мүмкүнчүлүк бар. Себеби өзүм аткара ала турган нерселерди гана программама киргиздим. Тагыраагы, жакырчылыкты жоюу, кичи жана орто бизнести колдоо, айыл чарба, туризм, логистика жана IT-технологиясы тармактарында жаңы жумуш орундарын түзүү механизмдерин жакшы билем. Мындан улам бул тармактарды жакшыртуу боюнча жаңы мыйзамдарды кабыл алууну демилгелейм. Ошондой эле мугалимдер менен дарыгерлерге жетиштүү деңгээлде маяна төлөө, бардык жарандарга медициналык тейлөөнү, сергек жашоо үчүн спорт менен машыгууну жеткиликтүү кылуу артыкчылыктуу багытым болот”,- деди Мааткабылов.

Ал ошондой эле таза, прогрессивдүү жана жаратман жана ийгилик жараткан адамдар парламентке келсе, элдин жүгүн толук көтөрүп кете аларына ишенерин билдирди.

“Элим, мамлекетим деген патриот адамдар парламентке келсе, Кыргызстанды өнүктүрө алат. Алар элдин кызыкчылыгына туура келген мыйзам жазып, элдин таламын талаша алышат. Ошондуктан 28-ноябрда туура тандоо кылалы туугандар. Мына бүгүн алдыңарга келип, ар кандай убадаларды берип, добушуңарды алгысы келген адамдар болсо, алар эртең силердин бир да маселеңерди чечип бербейт. Мына ошондуктан мен аймактагы экономикалык, чарбалык, социалдык маселелерди камтыган жана реалдуу түрдө ишке аша турган пландардын негизинде программамды иштеп чыктым”, — деди талапкер.

Жолугушуунун соңунда жогоруда аталган кичи райондун тургундары жол, бала бакча, көчөлөрдү жарыктандыруу жана социалдык төлөмдөр боюнча маселелерди көтөрүштү.
Өз кезегинде Ырысбек Мааткабылов элдин көйгөйлөрүн түп тамырынан чечүүнүн жолу анын программасында так жазылганын дагы бир ирээт белгиледи. Ошондой эле ал эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, аймактагы эң актуалдуу маселелерди чечүүгө бардык күчүн жумшоого даяр экенин айтты.

“Урматтуу шайлоочулар! Эгер силер мага ишеним артып, добуш берсеңиздер силердин үмүтүңөрдү актоого жана силер менен түздөн түз иштешип, үнүңөрдү бийликке жеткизип, сиздердин таламыңарды парламентте талашууга даярмын”,- деп баса белгиледи Мааткабылов.

Аламүдүн-1 кичи районунун тургундары талапкердин пландарын жана программасын жактырып, Ырысбек Мааткабыловдун талапкерлигин колдой тургандыгын чын ниеттеринен билдиришип, ага ак жол каалап, баталарын беришти.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ырысбек Мааткабылов шайлоо бюллетенинде №4 номер менен катталган.

 

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич.
Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж.8-ноябрь.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева Мээрим Замирбековна тарабынан төлөндү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>