Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү май куючу жайлар алынат

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү май куючу жайлар алынат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы курулушта жана өндүрүштө абага чыккан зыяндуу заттарды азайтуу боюнча жумуштарды активдештирүүнү тапшырды. Ошондой эле  билим берүү мекемелерин, бала бакчаларды жана ооруканаларды куруудагы көзөмөлдү күчөтүүнү активдештирүүнүн зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

Муну менен катар премьер-министр май куюучу станциялардын  ишмердүүлүгүнө комплекстүү анализ жүргүзүүнү тапшырды.

«Өкмөт баш калаанын жаркыраган борбордук бөлүгүндөгү май куюучу станцияларды, адамдардын ден соолугу үчүн тобокелчиликтерди азайтуу үчүн коопсуз районго көчүрүү демилгесин колдойт. Бул биздин борборубуз үчүн маанилүү», — деп белгиледи Абылгазиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>