Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн канча унаа иштеп жатканы айтылды

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн канча унаа иштеп жатканы айтылды

Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн 74 атайын унаа кызматка тартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 37 атайын техникалар, 25 кар тазалоочу унаа, 4 кичи трактор, 2 кар жүктөгүч жана 2 жүк ташуучу унаа тартылган. Ал эми 25-февралдын таңына карата жалпы 551 тонна туз себилген.

Мындан сырткары, жолдорду тейлөө кызматынын 30 кызматкери, тазалыкта иштеген 645 киши жана 121 жүк жүктөгөн кызматкерлер карларды тазалап жатканы айтылат.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>