Site icon Reporter.kg

Бишкектин мэри экинчи ирет коронавируска каршы вакцина алды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов коронавируска каршы экинчи ирет эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Бактыбек Кудайбергенов Кытайда өндүрүлгөн “Синафарм” вакцинасын алган.

Кыргызстанда COVID-19 оорусуна каршы Кытай өндүрүшүндөгү Sinopharm вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлүүдө. Аталган вакцина коопсуздугу, эффективдүүлүгү жана сапаты боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилген.

Дүйнө жүзүндө Sinopharm вакцинасы менен эмдөө 65тен ашуун, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Белоруссия жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Эмдөө республикадагы бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жарандардын катталган жерине карабастан акысыз өткөрүлүүдө.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынан сактаңыз. COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүңүз жана оорунун алдын алуу чараларын сактаңыз. Беткап тагыныңыз, адамдардын ортосунда аралыкты сактаңыз жана колду самындап жууңуз же антисептик колдонуңуз.

Эмдөө пункттары тууралуу толук маалыматты сиздер: https://saksalamat.kg/adresa-privivochnyh-punktov-ot-covid-19/ шилтемеси аркылуу ала аласыздар.

Exit mobile version