Бишкектин тургуну аялын кафенин дааратканасына камап алып канга чыланганча сабады

Бишкектин тургуну аялын кафенин дааратканасына камап алып канга чыланганча сабады

Бишкектин тургуну аялын кафенин дааратканасына камап алып канга чыланганча сабады. Бул тууралуу Бишкек милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 11-сентябрда болгон. Анда милицияга Бишкек шаарынын Муса Жалил жана Курманжан датка көчөсүнүн кесилишиндеги кафеде массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери бети башы бүт кан болгон аялды көрүшкөн. Ал курбулары менен кафеде отурса күйөөсү келип дааратканага алып кирип сабаганын айткан.

Ошол жердеги адамдар аталган аялды күйөөсү дааратканага камап алып сабап жатканда, кыйкырык, жардам сураган үндү угушуп, эшикти бузуп кирип күйөөсүнүн колунан бычагын жулап алып куткарып калышканын айтышкан.

Милиция келгенче зөөкүр окуя болгон жерден из жашырган.

Кийин ыкчам издөө иштеринин натыйжасында күйөөсү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>