«Бишкекжылуулуктун» кызматкери Канатбек Нагаев каза болду

«Бишкекжылуулуктун» кызматкери Канатбек Нагаев каза болду

«Бишкекжылуулук» ААКнын Юридикалык башкармалыгынын башчысы Канатбек Нагаев катуу оорудан улам каза болду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын эмгек жамааты билдирди.

Маалыматка ылайык, Нагаев бүгүн, 24-ноябрда көз жумду.

Нагаев Канатбек Бактыбекович 1984-жылы 13-октябрда Ысык-Көл районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.

“Канатбек Нагаев эмгек ишмердүүлүгүн 2014-жылы «Бишкекжылуулук» ААКсында баштаган. Ишканада иштеген бардык мезгилдин ичинде ал өз милдетине ак ниеттүүлүк менен мамиле кылып, принциптүү, билимдүү, тажрыйбалуу адис экендигин көрсөттү. Ал кесиптештеринин жана досторунун арасында кадыр-баркка ээ болгон.

Нагаев Канатбек Бактыбекович кесипкөй юрист гана эмес, таланттуу сүрөтчү, фотограф да болгон. 2015-жылы анын автордук көргөзмөсү уюштурулуп, анда көркөм эмгектери коюлган. Ошондой эле анын сүрөттөрү «Бишкекжылуулук» ААКнын менчигине өткөн. Ал компанияга көптөгөн сонун сүрөттөрдү тартуулаган. Канатбек Бактыбековичтин мезгилсиз кеткени команда үчүн оор жоготуу”, — деп эскерет Нагаевдин кесиптештери.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>