Блогердин тамашалуу тасмасына кабылган кыргыз мигрант көрүүчүлөрдү суктантты, — видео

Блогердин тамашалуу тасмасына кабылган кыргыз мигрант көрүүчүлөрдү суктантты, — видео

Орусияда жергиликтүү блогерлердин бири Михаил Литвин бала уурдагандарга адамдардын реакциясы кандай болору тууралуу кыскача видео материал даярдаган. 

Анын тамашалуу тасмасынын сюжети боюнча ал көчөдөн өтүп бара жаткан адамдардан зарыл жумушу бар экенин айтып кичине бала менен туруп туруусун суранып, калтырып кетет.  Ал кеткенден кийин белгисиз адамдар бала уурдап автоунаага салып кетүүгө аракет кылат. 

Ага жолуккан адамдардын айрымдары баланы алып калууга аракет кылса, айрымдары окуя болгон жерден качып кеткен. 

Бул тамашалуу тасмага капыстан кабылып, тартылып калган кыргызстандык мигрант баланы куткарып калуу үчүн, “кылмышкерлерге” жалгыз өзү коркпостон кол салган.

Бул тасма интернетке чыккандан кийин блогердин көрүүчүлөрү тасмадагылардын арасынан дал ушул кыргыз мигрантка мактоолорду жаадырып, эр жүрөктүгүн айтып алкоого алууда.

Кийин белгилүү болгондой аталган мигрант мурда жөө күлүк болуп, кыргыз курамасынын атынан мелдештерге катышып жүргөн Азамат Нуржанов экени белгилүү болду. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>