Site icon Reporter.kg

Бөлтүрүк: Кумтөрдүн каражаттарын ачык-айкын бөлүштүрүү керек

Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев менен жолуктум. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бир катар маанилүү делген көйгөйлөрдү, анын ичинде Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун алкагында өз ара кызматташуу тууралуу маселени талкууланган.

“Фонддун каражаттарын көзөмөлдөө жана ачык-айкын бөлүштүрүү маселесин көтөрдүм. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санын беш адамга чейин кыскартуу зарыл деп эсептейм, анын курамына “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын өкүлдөрү кириш керек. Экинчи маанилүү нерсе, биздин финансы менеджери кирген текшерүү комиссиясын түзүү. Каражаттар азыркыдай болуп, жылына бир жолу эмес, ай сайын текшерилип турушу керек.

Фонддун каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу, каржылоонун жаңы эрежелерин, принциптерин киргизүү, аймактын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына көңүл буруу маанилүү”, — деген Бөлтүрүк.

 

Exit mobile version