Борбордо 69 окуучудан коронавирус табылып, 14 мектеп карантинге жабылды

Борбордо 69 окуучудан коронавирус табылып, 14 мектеп карантинге жабылды

Азыркы учурда 69 окуучу жана 24 мугалим коронавирус инфекциясы менен жабыркап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эльмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, 26-апрлелде 4 мектепте карантин чаралары алынып, кайрадан окуу улантыла баштады.

«Учурда 14 мектеп карантинге жабылгандыктан окуу процесси онлайн улантылууда. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен 29-апрелде карантинге жабылган мектептердин бирин, ал эми 4-майда 8 мектепти ачууну пландап жатабыз. Мындан сырткары эки бала бакча карантинге жабылган», — деди Эльмира Иманалиева.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>