Борбордо айрым мектептер карантинге жабылды

Борбордо айрым мектептер карантинге жабылды

Борбор калаадагы №67, №24 жана №17 мектептер карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин окуучуларынан жана бир мугалимден коронавирус илдети аныкталгандыктан, карантинге жабылды.

№67 мектепте 2 окуучудан (4 жана 9-класс) окуучуларынан КОВИД-19 илдети аныкталган. Алар үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктуруп алышкан.

№17 мектепте 2 окуучу (3 жана 4 класс) коронавирус илдетин туугандарынан жуктуруп алган.

№67 мектепте бир мугалимден КОВИД-19 илдети аныкталган. Мындан улам мектептер карантинге жабылды.

Ал эми окуучулар аралыктан билим алууну уланта бермекчи. Мындан тышкары №12 жана №93 бала бакчалар дагы онлайн окутуу форматына өтүшкөнү айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>