Боронов өкмөт башчы болсо, чек ара маселеси боюнча кандай иштер жүргүзүлөрүн айтты

Боронов өкмөт башчы болсо, чек ара маселеси боюнча кандай иштер жүргүзүлөрүн айтты

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлигин карап жатат. Анын жүрүшүндө депутат  Өмүрбек Бакиров талапкерден азыр көйгөйлүү болуп жаткан чек ара маселесин кандай кылып чечерин сурады. 

Ага Боронов жолугушуулар пландалып жатканын, чек ара көйгөйүн чечүү мурдатан пландалган алгоритмге ылайык, улантыларын айтты.

“Чек ара боюнча иштер улантылат. 20-июнда Өзбек тарап менен кайрадан  жумушчу отурум болот. Аз күндө бизге так айтышат кайсы жерде болот. Ферганада, Наманганда болот деп учурда  пландалып жатат. Тажик тарап менен да ушундай эле иштер жүргүзүлөт. Туура белгилединиз чек ара көйгөйлүү негизги маселелердин бири. Бул боюнча тийиштүү иштерди алып барабыз”, — деди Боронов.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>