Бозымчак кенинин кызматкерлери митингге чыгышты

Бозымчак кенинин кызматкерлери митингге чыгышты

Бозымчак кенин иштетүүчү  “Казминералс” компаниясынын кызматкерлери Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Чогулгандар ишти жандантууну талап кылышты. Митингчилердин айтымында, алар 6-октябрдан бери иштебей, ошону менен иштеп тапкан акчалары түгөнгөн.

Эске салсак, 5-8-октябрь күндөрү болуп өткөн окуялардын натыйжасында «Альянс Алтын» ЖЧКсы (Жерүй), Kaz Minerals Бозымчак ЖЧКсы (Бозымчак), «Вертекс Голд Компани» (Жамгыр), ОсОО «Эти Бакыр Терексай» (Терексай), ОсОО Full Gold Mining (Иштамберды), ЖАК «Чаарат Заав» (Чаарат) жана ЖАК «Кичи Чаарат» (Куру-Тегерек) ишканаларынын иши токтоп калган.

Сүрөт: 24.kg

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>