Британияда 39 адамдын жансыз денеси салынган жүк ташуучу унаа кармалды

Британияда 39 адамдын жансыз денеси салынган жүк ташуучу унаа кармалды

Британияда жүк ташуучу унаа 39 адамдын жансыз денеси менен табылды. Бул тууралуу «Регион online» орусиялык басылма жазып чыкты.

Жүк ташуучу унаа Грейс шаарындагы өндүрүш аймагында токтотулуп текшерүүгө алынган. Ал учурда унаада 39 адамдын жансыз денеси болгон. 38 адам чоңдор болсо, 1 жаш бала экенин аныкташкан.

«Унааны 25 жаштагы Түндүк Ирландиялык жаран башкарып келе жаткан. Ал учурда шектүү катары кармалууда. Шектүү 19-октябрда Болгариядан чыгып 20-октябрда Улуу Британиянын аймагына кирген», — деп жазылат маалыматта.

Укук коргоо органдары өлгөн адамдардын өздүгүн тактоого көп убакытты талап кылаарын билдиришти.

Екатеринбургдун Свердлов облусунун Туринск шаарында 15 жаштагы кыз дайынсыз жоголгону тууралуу да «Регион online» басылмасы жазган. Кыз 21-октябрда мектепке кеткен бойдон кайтып келген эмес. Учурда анын кайда экени белгисиз. Ал эми Укук коргоо органдары «киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>