БШК өлгөн адамдын атынан добуш берилген окуя боюнча жооп берди

БШК өлгөн адамдын атынан добуш берилген окуя боюнча жооп берди

№1041 шайлоо участкасында каза болгон адам добуш берди деген арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Шайназаров аталган тилкенин төрайымы Өмүрова өлгөн адамдын атынан добуш берүү фактысы катталбаганын билдиргенин айтты.

«УКМК дагы текшерүү жүргүздү, факт тастыкталган жок», — деди ал.

Тынчтыкбек Шайназаров, саат 17: 00дө БШКнын Ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобуна 79 арыз келип түшкөнүң кошумчалады.

«Арыздар дагы деле келип түшүүдө. Азыр айрым адамдардын иш-аракеттери үчүн добуштарды сатып алуу, шайлоочуларды урналарга чейин алып барып добуш бердирүү боюнча нааразычылыктар көбөйүүдө», — деди БШКнын мүчөсү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>