БШК аймактарга шайлоо бюллетендерди жиберди

БШК аймактарга шайлоо бюллетендерди жиберди

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарга шайлоо бюллетендерди жиберди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ, 24-сентябрда Бишкектеги Учкун имаратында даярдалган бюллетендерди кабыл алуу жана ар бир облустун аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү актысына кол коюу аземи болуп өттү.

Аймактарга бөлүнгөн бюллентендердин саны:

Ош – 682 миң 673,

Жалал-Абад облусуна – 643 миң 777,

Чүй – 586 миң 669,

Ысык-Көл – 290 миң 766,

Баткен – 284 миң 300,

Нарын облусу – 176 миң 203,

Талас – 149 миң 8.

Бардыгы болуп 3 миллион 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары, 5 миң 928 бюллетендер Брайл шрифти менен чыгарылган.

Шайлоо бюллетени жогорку деңгээлде коопсуздукка ээ, ага ар бир бюллетенди автоматтык түрдө окулган урна аркылуу таануу үчүн атайын коргоочу боёк колдонулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>