БШК Аравандагы мушташка байланыштуу эки талапкерди шайлоодон четтетти

БШК Аравандагы мушташка байланыштуу эки талапкерди шайлоодон четтетти

Аравандагы үгүт учурундагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннанов шайлоодон четтетилди.  Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.   

Шүкүрулло Файзуллаев «Биримдик», Илхом Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болчу.

Белгилей кетсек, 20-сентябрда Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чатак чыгып, 12 киши жаракат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштаган.

Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>