БШК: Кыргызстанда 3,5 миллион шайлоочу бар

БШК: Кыргызстанда 3,5 миллион шайлоочу бар

Кыргызстанда 3,5 миллион шайлоочу бар.
Бул тууралуу бүгүн, 24- сентябрдагы маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал мыйзамга ылайык, шайлоого 10 күн калганда БШК шайлоочулардын соңку тастыкталган тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп берүүсү керектигин айтып, тизмени тактоо жыйынтыкталганын айтты.

«Биздеги бүгүнкү маалымат боюнча өлкөдөгү шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 523 миң 532 адамды түзөт.
Мурдагы шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 94 миң адамга көбөйдү», — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Анда 16 саясий партия ат салышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>