БШК шайлоосу. Шаар жаштары «Эмгек» партиясын колдогон марш уюштурду — сүрөт

БШК шайлоосу. Шаар жаштары «Эмгек» партиясын колдогон марш уюштурду — сүрөт

Бишкек шаарында «Эмгек» партиясын колдогон жаштардын маршы өттү.

Жал кичирайонунун жана эски аэропорттун айланасында жашаган тургундар, 150дөй киши болуп И.Ахунбаев жана А.Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишине чогулушту. Алар Түштүк магистралга жөө жүрүш жасап, андан ары «Ынтымак» паркына чейин барышты. Ч.Айтматов проспектисинен Айни көчөсүнө чейин түшүп, андан Журналисттер аллеясына барып, старт алган жерге кайра кайтып келишти.

Катышуучулар партиянын атын атап жана анын «Биз жеңгенбиз! Биз жеңебиз!» деген лозунгун айтышып, өтүп бара жаткан айрым адамдардын дагы кызыгуусу артып алардын катарына кошулуп кетип жатты.

Айбек Ашимов жана Бексултан Жаныбеков Жал округу боюнча БШК шайлоосуна «Эмгек» партиясынан аттанып жатышат. «Алар патриоттук сезими күчтүү, жаш, акылга толгон, активдүү граждандык позицияга ээ талапкерлер. Алардын шайлоого катышуусун колдогубуз келет. Эгерде БШКга өтүп калышса жаштардын жана жалпы элдин кызыкчылыгын колдоп беришет деп ишенебиз», — дешти марштын уюштуруучулары.

Аталган марш Бишкек шаарынын акимиаты жана мэриясы менен макулдашылып, бардык санитардык нормаларды сактоо менен өттү. Катышуучулар 25-30 кишиден бөлүнүп алышып, бири-биринен алыс басып жатышты.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде «Эмгек» партиясы 4 деген номер менен катталган.

«Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелер баюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>