Site icon Reporter.kg

“БШКнын чечими мыйзамсыз”. Талапкерлер Токмок шаарында шайлоону жокко чыгарууга макул эмес

«Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга эч кандай мыйзамдуу негиздер болгон эмес», — деди бүгүн маалымат жыйынында «Эмгек» партиясынан талапкер Данияр Амангелдиев.

Анын айтымында, 3-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну сунуш кылган. Бул 2020-жылы Токмок шаарында жашоочулардын массалык каттоосу болгондугуна байланыштуу жасалды.

“Биздин оппоненттер “Эмгек” партиясы муну атайын жасаган, массалык каттоо болгон деп арызданышкан. Бул тастыкталган жок. Мамлекеттик каттоо кызматынан бул шайлоодо массалык каттоодон өткөн жок деген расмий тыянак бар. Шаардык ички иштер башкармалыгынын корутундусу дагы бар. Шайлоочулар 2020-жылдын февраль-март айларында катталат. Алар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын курамында болушкан. Үч миңден ашуун адам каттоодо турат”, — деди Данияр Амангелдиев.

Анын пикиринде, БШК бир нече мыйзамдарды одоно бузган. Бир дагы ченемдик укуктук актыда адамдын өлкө боюнча жүрүүсүн чектей турган ченемдер камтылбайт. Ички миграция бул кадимки процесс.

“БШКнын айрым мүчөлөрү татыктуу адамдар. Токмок шаардык кеңешине шайлоо каралган жыйында алар мыйзамды коргошту. Бирок БШКнын башка мүчөлөрү бир тараптуу жана божомолдуу болушкан. Натыйжада, Токмок шаарынын тургундарынын конституциялык укугу бузулган. БШКнын чечими мыйзамсыз”, — экенин айтты Данияр Амангелдиев.

“Биз БШКнын төрайымынын шалаакылыгы жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы жөнүндө билдирүү менен Кыргыз Республикасынын президентине, Башкы прокуроруна жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасына кайрылгыбыз келет. Мыйзамга ылайык, БШКнын милдети — шайлоочуларды каттоонун бирдиктүү тутумун уюштуруу. Ал жактагы жарандар 1,5 жылдан ашуун убакыттан бери Токмок шаарында каттоодо турушат жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналат. БШК аларга шайлоого катышууга уруксат берип, эми бир дагы мыйзамдуу негиздемеси жок, конституциялык эмес чечим кабыл алууда. Биз өлкөнүн жогорку жетекчилигинен мындай башаламандыкка көңүл буруусун суранабыз”, — деп үндөдү ал.

Данияр Амангелдиев токмоктуктарга “Эмгек” партиясын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Шайлоодо партия болжол менен 48% добушка ээ болгон.

“Биз мыйзамдуулуктун алкагында гана акыйкаттык үчүн күрөшөбүз. Биз БШКга каршы доо арыз менен кайрылгыбыз келет. Ал биз тарапта болот деп ойлойбуз. Бирок азырынча биз муну жасай албай жатабыз. БШК шайлоону жокко чыгаруу боюнча токтомду жарыялабай эле, бирок аны жыйналыш бүткөндөн кийин 24 сааттын ичинде жасашы керек болчу. Мыйзам боюнча сотко кайрылууга үч күн гана убакыт бар. Бул жерде биздин укугубуз бузулуп жатат!» — деп жарыялады ал.

“Президент шайлоо таза жана ачык-айкын өтөт деди. Эл ишенип, келип добуш берди. Бирок БШК бүдөмүк себептерден улам жыйынтыктарды жокко чыгарып, жалпы шаардын тагдырын ойноп чечүүдө. Биздин шайлоочулар баштары маң болуп, нааразы болушууда. Ушундан кийин алар таза шайлоого ишенишеби? БШКда бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөн сабатсыз адамдар болбошу керек ”, — деди талапкер Чолпон Сыдыкова.

Exit mobile version