БУУӨП кореялык адистер менен биргеликте Кыргызстанда 4 өрт-куткаруу бөлүмдөрүн курат

БУУӨП кореялык адистер менен биргеликте Кыргызстанда 4 өрт-куткаруу бөлүмдөрүн курат

Чолпон-Ата шаарында 4-апрелде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги  KOICA, Корея өкмөтү жана БУУнун өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында төрт өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн биринчисинин курулушунун башталышына арналган иш-чара болуп өттү. Салтанатка Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы, Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, Жогорку Кеңештин вице-спикери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы жана Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышты.

Кызматташтыктын алкагында, Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы кореялык адистер менен биргеликте Чолпон-Ата, Ош, Бишкек шаарларында жана Жалал-Абад облусунун Сузак аймагында төрт жаңы өрт-куткаруу  бөлүмдөрүн курат. Аталган бөлүмдөр заманбап шаймандар менен камсыз кылынат жана өрткө каршы кызматтын сапаты жогорулатылат.

Иш-чаранын жүрүшүндө спикер Пак Бён Сеун дүйнө жүзүндө табийгый кырсыктар күндөн-күнгө кеңири жайылып бара жаткандыгын жана бул кырсыктарды азайтуу ар бир өлкө үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

Корея Өкмөтү табийгый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча  улуттук потенциалды чыңдоо боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн аракеттерин колдойт. Жакынкы беш жылда Корея Өкмөтү Кыргызстанды Корея үчүн приоритеттүү расмий өнүктүрүү боюнча жардам өлкөсү катары көрсөтүү менен, Кыргызстандагы өнүгүү аракеттеринин масштабын жана көлөмүн кеңейтүүнү пландаштырууда. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык Кыргызстандын экономикасын жана коомун өнүктүрүүгө, кыргыз элинин жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө болот деп ишенебиз, — деди Пак Бён Сеун.

Салтанатта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Чолпон-Атадагы өрт-курткаруу кызматынын жаңы имаратынын курулуш аянтчасындагы капсула салуу аземи кыргыз-корей достугунун  символу болуп саналарын билдирди.

Биз стратегиялык долбоорду ишке ашыруунун башталышына күбө болуп жатабыз. Кыргыз Республикасынын өрт-куткаруу кызматынын потенциалын күчөтүү менен калктын өрттөн коопсуздугун жогорулатуу долбоорунун алкагында, Чолпон-Ата шаарында өрт-куткаруу бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулуш аянтчасына капсула салганы жатабыз. Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланган бул долбоор кыргыз-корей достугунун белгиси деп эсептейм, — дейт вице-спикер.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен долбоор тууралуу мындай деди:

ПРООН биздин улуттук өнөктөштөрүбүзгө БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген Сендай алкагындагы табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулугун жогорулатууда жана мүчө мамлекеттерге өнүгүүнүн натыйжаларын табигый кырсык коркунучунан сактоо боюнча конкреттүү иш-аракеттерди сунуштайт.

Иш-чарада Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов өнөктөштөр KOICA жана БУУӨПтүн колдоосу менен министрлик техникалык жана адамдык потенциалын жогорулатуу жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкенин белгиледи.

Өрт-куткаруу бөлүмдөрүнө салынып жаткан капсула өзгөчө кырдаалдарда чара көрүүдө жана алдын алууда эбегейсиз зор салымын кошот деген үмүттөбүз, — деди ал.

БУУӨП өрттүн кесепетинен жабыркагандардын санын жана физикалык чыгымдарды азайтуу, ошондой эле калктын аялуу катмарын, айрыкча аялдар менен балдарды коргоо үчүн өрткө каршы потенциалын күчөтүү максатында өрт-куткаруу жабдууларды жана шаймандарды модернизациялайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>