БУУ Швецияда Куранды өрттөгөндөрдү катуу жазалоого чакырды

БУУ Швецияда Куранды өрттөгөндөрдү катуу жазалоого чакырды

БУУнун цивилизация альянсынын өкүлү Мигель Моратинос Швецияда оңчул экстремисттердин Куранды өрттөгүнүн сынга алды.  Анын пикири БУУнун расмий сайтына жарыяланды.

Моратинос айтып жаткан окуя өткөн аптанын жума күнү Швециянын Мальме шаарында орун алган. 

Моратинос диний китептерди, диний символдорду, ыйык жерлерди эч качан мазактоого жол берилбеш керек дейт. Ал бул аракетти зомбулукка үндөө деп баалап, катуу жазалоого чакырды. 

Муну менен катар мындай аракет БУУнун максаттарына жана баалуулуктарына каршы келерин, анткени уюмдун негизги максаты маданияттар аралык жана диний ишенимдердин ортосундагы ынтымактуулукту бекемдөө, урмат-сыйга чакыруу экендигин айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>