Site icon Reporter.kg

Буудай былтыркыга салыштырмалуу 42,1% га аз жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндеринин дүң түшүмүнүн азайганы байкалганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө жай мезгилиндеги аба-ырайынын жогорку температурасы жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздиги сыяктуу факторлор себеп болгон.

«Жалпысынан республика боюнча буудайдын дүң жыйымы 42,1%га, арпа 48,7%га, коон 14,6%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 6,5%га, картошка 5%га жана жашылча 1,6%га кыскарган», — деп билдирди статкомитет.

Exit mobile version