Бүгүн Бишкекте түркмөн жана тажик командалары беттешет

Бүгүн Бишкекте түркмөн жана тажик командалары беттешет

Бүгүн, 14-майда Футбол боюнча АКФ кубогунун тайпалык баскычынын алкагында “Ахал” (Түркмөнстан) жана “Равшан” (Тажикстан) командалары беттешет.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда саат 20:00дө башталат. Беттештешке күйөрмандар киргизилбейт.

Белгилей кетсек, АФК кубогунун тайпалык баскычында Бишкек шаарында “Дордой”, “Ахал” жана “Равшан” командалары беттеш өткөрөт.

Ошондой эле 17-майда “Дордой” – “Ахал”, 20-майда “Дордой” – “Равшан” оюндары өтөт.

Бул командалар “Е” тобунда оюн өткөрүүдө. Тайпада биринчи орунду ээлеген команда кийинки баскычка чыгат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>