Бүгүн Коопсуздук кеңештин жыйыны болот

Бүгүн Коопсуздук кеңештин жыйыны болот

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралат.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы талкууланат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышат:

-Төраганын орун басары Таалатбек Масадыков;

-Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров;

-Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов;

-Башкы прокурору Курманкул Зулушев;

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев;

-Ички иштер министри Улан Ниязбеков;

-Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

-Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Ошондой эле, жыйынга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өлкө Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар катышат.

Жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир 10-00до башталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>