Site icon Reporter.kg

Былтыр дыйкандарга 495 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Былтыр 1268,2 миллион сомго 495 техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы 6303,5 миллион сомго 3776 даана айыл чарба техникасы лизинг аркылуу дыйкандарга берилген.

“Министрлик Банк аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 4,5-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы долбоорлордун бардыгына Министрлер кабинетинин чечими менен “Айыл Банк” ААКму оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

Айыл чарба техникаларын лизингге берүүнүн шарттары:

Лизинг мөөнөтү – 7, 10 жыл;

Үстөк пайызы – лизинг алуучунун өз салымынын өлчөмүнө жараша;

Жылдык 4,5, 6, 7, 9 пайызга барабар (өз салым лизингдин суммасынан 10 пайызынан кем болбоосу зарыл);

Күрөө – өз салым 20% жогору болгон учурда күрөө катары лизинг предмети (техника) каралат;

Лизинг алуучу тарабынан өз салым 20% кем төлөнсө кошумча күрөө катары айырмасына мүлк талап кылынат;

Камсыздандыруу техника алуусунун макулдугу менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;

Лизинг операциялары сом менен жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен өкмөтүн колдоосунун негизинде “Айыл Банк” ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге берүү ишке ашып жатат. Мындан тышкары банктын өзүнүн коммерциялык эки долбоорлору аркылуу дыйкандарга лизинг кызматын көрсөтүп жатат.

Exit mobile version