«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү Москвада кармалды (ВИДЕО)

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү Москвада кармалды (ВИДЕО)

Москвада полиция кыргызстандыктардын акциясынан кийин мигранттарды жапырт кармоого өттү. Бул тууралуу “Осторожно новости” каналы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ кечинде Ростокинонун «Европолис» соода борборунун унаа токтотуучу жайына кызыл желектер менен 30 машина (алардын көбү такси унаалары) чогулду. Алар жосунсуз жоруктарын баштап, ат минип, унаалары менен желектерди көтөрүп элди үндөп  жатышты. Мындай кылыктарына корккон москвалыктар полицияга телефон чалышкан. Бул чакыруудан кийин полициянын 3 отряды келип 37 жаштагы Эмил Бекиевди жана анын досторун кармашкан. Ал Кыргызстанга белгилүү ырчы экенин айтып, жаңы клип тарттырып жатканын айткан. Бекиевди бөлүмгө алып келишкенде укук коргоо органдары анын ырчы эмес экенин аныкташкан.

Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү (видео Санкт-Петербургдагы аналогу) парламенттик шайлоого талапкер Эмил Жайчиевди колдоо акциясын өткөргөн.  Катышуучулар издөөгө алынып, түн ичинде 15 адам кармалган. Бекиевге коомдук аракеттерди бузгандыгы үчүн протокол түзүлдү. Дагы үчөөнө иммиграция мыйзамдарын бузган деп айыпталган. Азыр полиция калган катышуучуларды издеп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>