Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип сүйлөй баштады

Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип сүйлөй баштады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында башынан жаракат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип сүйлөй баштады.

Бул тууралуу Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынында ИИМдин өкүлү Нурдин Метеров айтканын Спутник  жазып чыкты.

«Курманкулов колу-бутун кыймылдатып реабилитациялык көнүгүүлөрдү жасап жатат. Анын жанында келинчеги менен агасы бар. Курманкуловдун жумушка кайтып келер-келбеси белгисиз. Себеби анын башына оор операция жасалгандыктан иштеп кетүүгө кыйын болот. Балким, жетекчиликтин чечими менен өтө оор эмес кызмат берилип калышы мүмкүн», — деген Метеров.

7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Самат Курманкуловдун башынана таш тийген.

Кыргызстанда анын башына эки жолу операция жасалып,  абалы өзгөрбөгөн соң Москвадагы Бурденко атындагы борборго жиберилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>