Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

Бүгүн Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун  2019-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 127  Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго судьялар дайындалган.

Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна  Саадабаева Чынара Муратбековна  менен  Усакпаева Гүлзат Каныбековна,   Чүй облусунун Москва райондук сотуна Дубанаев Кубатбек Султанмуратович, Чүй облусунун Панфилов райондук сотуна Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна,  Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна Кулмурзаев Манасбек Каримович  менен Самаков Нурмат Талантбекович, Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна Абдырахманов Урматбек Аманович,  Чүй облусунун Чүй райондук сотуна Шаршеева Алтынай Чубаковна,  Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна Тажибаев Нурбек Рашидович жиберилди.

Жогорку соттун  төрайымынын орун басары жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка   бек турууга  чакырды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>