Чүйдө көрүстөндөгү эстеликтерди талкалап кетишти (фото)

Чүйдө көрүстөндөгү эстеликтерди талкалап кетишти (фото)

Чүй облустук милициясы Аламүдүн районунун Ленин айылында белгисиз бирөөлөр тарабынан көрүстөндөгү эстеликтердин талкаланышы боюнча териштирүү баштады.

Маалыматка караганда, мүрзөдөгү бир нече эстелик 15-октябрга караган түнү талкаланган.

“17-октябрь күнү милцияга бир эстеликтин талкалангандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери бир нече эстеликтин талкаланганын аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, окуяга күбөлөр суралууда”,- деп билдирди миилциядан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>