Чүй облусунун аппарат башчысы маркум Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Чүй облусунун аппарат башчысы маркум Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Чүй облусттук администрациясынын аппарат жетекчисинин башчысы Молдакун Абдылдаевдин сөөгү 6 — июлда жерге берилет. Бул тууралуу облусттук администрациясы бүгүн, 5-июлда маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең саат 10до Бишкектин Кара-Жыгач жаӊы конушунда өтөт. Тактап айтканда, Лев Толстой Оберон көчөсү менен кесилишкен даректе болот.

Эскерте кетсек, чиновниктин үй-бүлөө мүчөлөрү менен Ат -Башыдан келе жатып Жумгалдан дайынсыз жоголгондугу 30 -июнда кабарланган. Кийинчирээк анын автоунаасы Көкөмерен суусуна түшүп кеткендиги маалым болгон. Издөө иштеринин натыйжасында 2 -июлда Молдакун Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун жансыз денелери табылган. 4 июль күнү анын 8 жашар небересинин да сөөгү табылган. Анын жубайы жана уулу азырынча табыла элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>