Чаткалда кымыз даңазаланат

Чаткалда кымыз даңазаланат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 16-октябрь күнү «Кымыз, бал, шырдак — 2021» аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, фестивалда жергиликтүү тургундар күз айы үчүн камдаган кымыз жарнамаланат.

Фестивалдын максаты Чаткалдын кымызын даңазалоо, бренд катары Кыргызстандын башка аймактарына да жайылтуу. Мындын сырткары Чаткалда өндүрүлгөн бал, кол өнөрчүлөр жасалган шырдыктар даңкталат. Ошондой эле фестивалда айыл чарба жарманкеси да уюштурулат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>