Чек ара чыры: Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Чек ара чыры: Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Өкмөт өкүлүнүн чечими менен үч айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда милиция кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Буга чейин топтолгон эл Көк-Таш айылындагы жаш балдар менен аялдар Баткенге жеткирилгенин жана  кыргыз жеринде жайгашкан аскер бөлүмүн аткылап, кызматкерлер эч кандай каршылык көрсөтө албай качып чыкканын айтышкан.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Ал эми облустук милиция Баткендеги чек арада атышуулар уланып, жаракат алгандар бар экенин билдирген. УКМК болсо Тажикстандын чек ара кызматы телефон чалууларды кабыл албай жатканын кошумчалаган.

Мындан сырткары, Көк-Таш айылынын тургундары элге курал берүүнү талап кылууда. Соңку маалыматтар боюнча тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарыгы өчкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>